Ошто турак үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды

Ошто турак үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Киров айылындагы үйдөн түнкү саат үчтөрдө өрт чыккан.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр жылыткычынан чыгып, натыйжада болжол менен 50 жаштагы эркек киши каза болгон.

09:56, 25-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар