Президент: 2035-жылга чейин негизги тышкы карыз график менен төлөнүп бүтөт

Тышкы карызыбыз 7 миллиард эмес, 4,5 миллиард доллар бойдон турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабардагы” маегинде билдирди.

Өлкө башчы карыз жети миллиардга жетти деген маалыматты айрым ишсиз калган же качып жүргөн саясатчылар бийликти элге жаманатты кылуу максатында таратып жатканын белгиледи.

“Биз сырткы карыздан коркпойбуз. 2020-жылга чейин коркуп келгенибиз анык. Анткени анда бюджетибиз 250 миллиард сомдун тегереги болчу. ИДП болсо 700 миллиарддын тегерегин түзгөн. Азыр бюджетибиз 700 миллиард сомго жетти. ИДП болсо 1,5 триллион сомдон ашты. Бүгүн алтын валюта резервибиз 6 миллиард долларга жакын болуп турат. 2020-жылы 2 миллиард доллардын тегерегинде болгон”, — деди ал.

Президент 2035-жылга чейин негизги тышкы карыз график менен төлөнүп бүтөрүн кошумчалады.

11:28, 21-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар