Кыргызстандын айрым банктарында рублди сатуу курсу сомдон ашты

Кыргызстанда рублдин курсу жогорулап, айрым банктарда сомдон ашты.

Азыр орточо курс менен рубль 1 сомдон сатылып, 97 тыйындан алып жатышат. Бир банкта россиялык валюта 1,15 сомдон, дагы бир нечесинде 1,1 сомдон сатылууда.

Эскерте кетсек, рублдин наркы 12-февраль күнү Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын телефондон сүйлөшүүсүнөн кийин жогорулай баштаган.

11:07, 21-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар