Казакстанда шахта кулап, жети жумушчу каза болду
Казакстанда шахта кулап, жети жумушчу каза болду.
Каргашалуу окуя бир күн мурун Улуутаудагы “Жомарт” кенинде болгон. Бул тууралуу “Казакмыс”
холдингинен билдиришкенин 24.kg жазды.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты тастыктап, учурда Башкармалыктын кызматкерлери куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Бүгүн эртең менен холдинг, алдын ала маалыматтар боюнча, Казакмыс кендерине мүнөздүү болбогон жаратылыш газынын жарылуусу болгонун билдирди.