Зекет, битир-садаганы QR-код менен төлөөгө мүмкүндүк түзгөн система ишке кирди

Зекет, битир-садаганы QR-код менен төлөөгө мүмкүндүк түзгөн система ишке кирди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Finik төлөм платформасын колдонуу Нарын облусунун имамдарына түшүндүрүлдү.

"Аталган платформа аркылуу төлөмдөр түздөн-түз муфтияттын эсебине түшүп, ар бир тыйындын колдонулушу көзөмөлдөнөт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жыйында апрелден тарта имамдарга стипендия төлөнө баштаары кошумчаланды.

13:00, 17-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар