Сузакта эркекти өгөй кызынын интимдик сүрөтү менен опузалаган деп блогер кармалды
Сузактын тургунун мажбурлап чечинтип сүрөт, видеого тартып, аны таратам деп опузалап, кыздын өгөй атасынан акча талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 200 миң катталуучусу бар Р.к.Ч. аттуу блогер Сузактын И.Т.Д. аттуу жаранын опузалаган.
"Блогер жабырлануучу кызды мажбурлап жылаңачтап сүрөт, видеого тарткан. Анын өгөй атасына "экөө интимдик мамиледе болгон" деп жарыялай турганын айтып, опузалап 184 миң сом талап кылган", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш иши козголуп, шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.