Эсеп палатасы Саламаттык сактоо министрлигинен 3,1 млрд сомдук мыйзам бузуу аныктады
Саламаттык сактоо министрлигиндеги аудит 3,1 миллиард сомдук мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мекемеде 2023-жылга карата бюджеттин аткарылышы текшерилген. Анын ичинен 2 миллиард 341 миллион сом процедуралык бузуулар болсо, 819,7 миллион сом финансылык бузуулар болуп саналат.
бюджеттин аткарылышында — 561,2 миллион сом;
мүлктү пайдаланууда — 4,6 миллион сом;
эсепке алуу жана отчеттуулук тартибинде — 151,5 миллион сом;
товарларды жана кызматтарды сатып алууда — 102,5 миллион сом.
Жалпы мыйзам бузуулардын ичинен 114,5 миллион сому калыбына келтирилүүгө тийиш. Аудит учурунда анын 111,2 миллион сому кайтарылганы белгиленди. Отчет тиешелүү мамлекеттик органдарга көрсөтмөлөр жана сунуштар менен жөнөтүлөрү кошумчаланды.