Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары кызматтан бошотулду

Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары кызматтан бошотулду

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Бекболот Алиев менен Нургүл Салиева ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка 2025-жылдын 5-февралында министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Бекболот Алиев 2021-жылдын 12-ноябрында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Нургүл Салиева бул кызматка 2024-жылдын 24-июнунда дайындалган.

Ал эми Жиенбеков Бакыт Муратович Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

12:39, 06-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар