Ош шаарында көмүрдүн исине ууланып беш жаштагы бала каза болду

Ош шаарында көмүрдүн исине ууланып беш жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу шаарды милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү 33 жаштагы аял беш баласы менен ооруканага жеткирилген.

"Тилекке каршы, беш жаштагы бөбөктү сактап калууга мүмкүн болгон жок. Балдардын апасы жана калган балдары дарыланууда", — деп айтылат маалыматта.

Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына ылайык, үй-бүлө көмүр газына ууланганы айтылды.

10:18, 03-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар