АКШдан курал алып Кыргызстан аркылуу Россияга сатып жүргөн топтун мүчөсү кармалды
АКШдан курал-жарак сатып алып, аны Кыргызстан аркылуу Россияга сатып жүргөн топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат үч жылдан бери курал ташып жүргөн Кыргызстандын, Россиянын жана АКШнын жарандарынан турган топтун ишине бөгөт койгон.
Алар эсепке алынбаган "Глок", CZ, SIG SAUER үлгүсүндөгү тапанчаларды, АР-15, SIG SAUER 5,56-223 мм калибриндеги автоматтарды, "Беннели" мылтыктарын жана алардын ок-дарысын мыйзамсыз ташыганы айтылды.
КР жараны С.М.М. жана башка адамдар АКШнын аймагында интернет-сайттардан ок атуучу куралдарды сатып алып, аларды ар кандай аппаратурага жашырып, почта аркылуу Кыргызстанга алып келип, бул жерден комплектилеп Россияга жөнөтүшкөн. 2022-жылдан бери 300дөн ашык курал жөнөтүлүп, мында криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү негизги кардарлар болуп саналышкан", — деп айтылат маалыматта.
23-январда АКШдан кезектеги партияны алып жатканда Кыргызстандын С.М.М. аттуу жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалганы кошумчаланды.