“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
Чүйдөгү “Сосновка” жана Жалал-Абаддагы “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Ошондой эле Өтмөк ашуусундагы жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынган.
Тиешелүү кызматтар жолду тазалоо жана кум-тез себүү иштерин улантууда.