Министрлер кабинети VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү уюштуруу комитетин түздү

Министрлер кабинети 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түздү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Эдил Байсалов анын төрагасы болду.

Уюштуруу комитети Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу, эреже жана жобону бекитүү иштерин аткарып, сметасын түзүшү керек.

Эмдиги жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Ал 2014-жылдан бери ар эки жылда уюштурулуп, алгачкы үчөө Кыргызстанда, андан кийин Түркияда жана Казакстанда өткөн.

10:43, 08-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар