Казакстандагы учак кырсыгынан эки кыргызстандык аман калганы кабарланууд

Казакстандагы учак кырсыгынан эки кыргызстандык аман калганы кабарланууда.

Коңшу мамлекеттин басылмалары кырсыктан аман калган 28 адамдын тизмесин жарыялады. Алардын ичинен 14ү Азербайжандын, 10у Россиянын, экөө Кыргызстандын жана бирөө Германиянын жараны. Дагы бир аялдын өздүгү тактала элек.

Аман калган кыргызстандыктардын бири Ринат Асанов 20 жашта, экинчиси Тахир Осмонов 26 жашта.

Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы учак кырсыгынан эки кыргызстандык аман калганын ырастады. Үчүнчү кыргызстандык боюнча маалымат такталууда.

16:45, 25-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар