Нарында темир-бетон заводу кум карьери мамлекетке кайтарылды

Нарында темир-бетон заводу жана дарыянын жээгиндеги 6,6 гектарлык кум карьери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, темир-бетон заводунун жана карьердин баасы 1 миллиард 79 миллион сомду түзөт.

"2002-жылы Нарын шаардык администрациясы "Мунара Курулуш" акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы темир-бетон заводунун 6,6 гектар жерин мыйзамсыз бекитип берген. Кийин буйрук менен "Кадастр" ишканасынын жооптуу адамдары "Мунара Курулуш" АКсынын ээсине аталган жер тилкеге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылганы кошумчаланды.

11:05, 23-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар