Кыргызстанда бир жумада 253 мас айдоочу кармалды
Кыргызстанда бир жумада 253 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-ноябрдан 1-декабрга чейин өлкөдө 20 миң 57 жол эреже бузуу катталып, 2 миң 22 унаа айып короого коюлган.
Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:
Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 858;
Мас абалында унаа айдагандар – 253;
Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар – 74;
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 369;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 261;
Автоээнбаштык – 3;
Ылдамдыкты ашырып айдоо – 3 миң 594;
Башка жол эреже бузуулар – 12 миң 14;