"Айкөл Манас" алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды
Улуттук банк "Айкөл Манас" алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу башкы банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган монета Улуттук банктын кассаларында 123 400 сомдон иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.