Бишкекте жарылган жер алдындагы жылуулук түтүгү оңдолуп, бузулган жолго асфальт төшөлдү

Бишкек шаарынын Чүй менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жарылган жер алдындагы жылуулук түтүгү оңдолуп, бузулган жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, аталган түтүк 17-ноябрга караган түнү жарылып, суу оргуп чыккан.

Мэрия билиргендей, адистер жарылган түтүктүн бөлүгүн алмаштырып, казылган жерди толтуруп, жолго жаңы асфальт төшөдү. Учурда жол ачык.

16:22, 20-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар