Ош облусунда ири кыш чыгара турган ишканасы салынууда

Ош облусунун Кара-Суу районунда “Таза-Көмүр” компаниясы тарабынан ири кыш ишканасы салынууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Аталган ишкана бышкан кыш жана көмүрдү кайра иштетип чыгарат. Анын курулушу толук аяктап, ишке кириши менен 250-300 жумуш орун түзүлүп, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болот. Жылына 50 млн кыш чыгарылып турат.

Заводдун курулушу 2024-жылдын башында башталган. Инвесторлор ишкананы салууга 810 млн сом жумшаган.

18-ноябрда облус башчысы Элчибек Жантаев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ишкананы көрүп чыккан.

11:30, 19-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар