"Гимнди окуучулардан баштап аксакал ата-апаларыбызга чейин ырдап турса кандай сонун." Садыр Жапаров гимнди өзгөртүү боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, гимнди чыгармачыл адамдар, композиторлор, акындар жазып, элге салып, көпчүлүк колдошу керектигин айткан.

"Гимнди окуучулардан баштап аксакал ата-апаларыбызга чейин ырдап турса кандай сонун. Керек болсо той-концерттерде ырдалып турса эмнеси жаман. Гимндин мазмунунда мамлекетибизди даңазалоо, жарандарыбызды мекенчилдикке, биримдикке, ынтымакка чакыруу, мамлекетибизди түбөлүккө сактап калалы деген ураандар болуш керек. Өмүр бою эле азаттыкка чыктык деп жүрө беребизби? Кытайдын архивдеринде биздин 5 миң жылдык тарыхыбыз бар экени далилденип турат. Азыр биздин тарыхчылар архивди казып, материалдарды алып кыргызчага которуп жатышат", — деген өлкө башчы.

Ошондой эле ал желекти өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө дагы каршы чыккандар болгонун эске салып, азыркы желек мурдагыдан бир тепкич өйдө болгонун кошумчалаган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы өлкөнүн гимнин өзгөртүү зарылдыгын айткан. Бирок президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов бул билдирүүнү спикердин жеке пикири катары кабылдоо керектигин айтып, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок экенин белгилеген.

10:03, 30-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар