Садыр Жапаров беш коопсуздук кызматкерин генералдык чининен ажыратты

Садыр Жапаров беш коопсуздук кызматкерин генералдык чининен ажыратты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку даражадагы наамды аларга 2020-жылы 14-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкасынын алдында ыйгарган.

Президенттин буйругу менен төмөнкүлөрдүн чини алынды:

милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев — Бишкектин мурунку коменданты;

милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов;

милициянын генерал-майору Малик Нурдинов;

милициянын генерал-майору Талантбек Салиев;

генерал-майор Санжарбек Эркинбаев.

14:34, 29-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар