28-октябрдан 15-ноябрга чейин Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

28-октябрдан 15-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайынын 129,131,132-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Иш-чара сел жана таш кулоо түрүндөгү кооптуу факторлордун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

09:46, 28-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар