Чаткалдын тоолорунда жоголгон алты адамды издөөгө тик учак жөнөтүлдү

Чаткалдын Ак-Сай тоолорунда дайынсыз жоголгон алты адамды издөөгө тик учак жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тик учак бүгүн таңда Ош шаарынан чыгып кеткен.

Эске салсак, 9-октябрда 14 адам дары чөптүн (эндиктин) тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышкан. ӨКМдин райондогу бөлүмү издөөгө чыгып, сегиз киши аман-эсен табылган. Алтоо кар көчкүнүн алдында калганы айтылган.

09:48, 18-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар