"Кыргызкөмүрдө" коррупцияга тиешеси бар делип эки жетекчи иштен алынды
"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары жана "Түштүк" филиалынын директору ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
Билдирүүгө ылайык, аталган эки кызматкер коррупцияга аралашкан.
"Ишканада жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө инвесторлор менен иштөөнү көзөмөлдөө жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматтык милдеттерин одоно бузгандыгы үчүн "Кыргызкөмүр" ишканасынын башкы директорунун инвестициялык ишти жана ишкананын "Түштүк" филиалын тескеген орун басары жана ишкананын "Түштүк" филиалынын директору ээлеген кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Буга чейин Башкы прокуратура көмүр кенге уруксатсыз жол салып, мөңгүнү талкалагандыгы үчүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун кабарлаган.