Өмүрбек Бабанов демөөрчү болгон. Германияда “Кыргыз кызы” айкели орнотулду
Германияда “Кыргыз кызы” айкели орнотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, “Кыргыз кызы” айкелинин ачылыш аземине бир топ жергиликтүү жетекчилер жана айкелдин ачылышына демөөрчүлүк кылган Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов катышкан.
“Кечээ, Эрфруд шаарында “Кыргыз кызы” скульптурасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Тюрингиянын Премьер-министри Бодо Рамелов, Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухаус, “Кыргыз кызы” скульптурасын негизги демөөрчүсү Кыргыз Республикасынын мурдагы Премьер-министри Өмүрбек Бабанов, Тюрингиянын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү, Тюрингиянын ишкерлери, Кыргызстандан келген ишке орноштуруу агенттиктеринин өкүлдөрү, студенттер жана Тюрингиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, катышышты. Бул скульптура кыргыз жаштарынын Тюрингияда жана жалпысынан Германияда билим жана тажрыйба алууга умтулуусунун символу болуп калды. Кеченин конокторуна Тюрингиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тарабынан чакан концерт уюштурулуп, анда улуттук аспаптарда кыргыздын элдик ыр-күүлөрү жаңырды жана келген конокторго кыргыздын улуттук тамак-аштары тартууланды.Маалымат үчүн: “Кыргыз кызы” скульптурасынын концепциясы. ”Кыргыз кызы” скульптурасы өткөн кылымдын 20-жылдарындагы кыргыз элинин жаңыланган турмушунун маанилүү символу болуп саналган Семён Афанасьевич Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы” аттуу атактуу картинасынан шыктанып жасалган.Скульптуранын концепциясы картинанын символикасына негизделип, кыздын жаңы муундун духун, илим-билимге, эркиндикке жана келечекке ишенимдүү караган, өсүп-өнүгүүнү максат кылып, ал үчүн күрөшүүгө умтулуусун чагылдырат. Жаштык, тазалык жана үмүт менен сугарылган окуучу кыздын дене түзүлүшү – бул баалуулуктардын элеси эмес, аялдын коомдогу активдүү ролуна өтүүнүн символу.Тарыхтын фонунда турган бул скульптура бизди коомдун эволюциясын чагылдырган өзгөрүүлөрдүн жана умтулуулардын дүйнөсүнө жетелейт. Ошондой эле кыргыз коомундагы аялдардын позициясынын өзгөрүшүн көрсөтүп турат. Чындыгында, арадан 100 жыл өтсө да, аялдардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду тууралуу талаш-тартыштар бүтпөй келет.“Кыргыз кызы” скульптурасы өткөндүн мурасын алып жүрүү жана жаркын келечекке умтулууну ойготууга чакырык катары жасалган. Ал Кыргызстандагы аялдардын билим берүү, маданият, экономика жана мамлекеттик башкаруудагы активдүү ролун немис коомчулугуна түбөлүккө калтыруу жана көрсөтүү символикасын камтыйт. Скульптура канча убакыт өтсө да, кооздугун жана туруктуулугун жоготпой турган колодон жасалган. 180 см бийиктик ага улуулукту жана таасирдүүлүктү, ал эми туруктуулукту жана ишенимдүүлүктү символдоштурган 50 см бийиктиктеги гранит постамент скульптурага керектүү салмакты жана салабаттуулукту берип турат”,-деп билдирди Өмүрбек Текебаев.