Зардалы айылына жол салуу үчүн тендер жарыяланды

Баткен облусундагы Зардалы айылына жол салуу үчүн тендер жарыяланды. Тиешелүү жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Жаңы курулчу жолдун узундугу 4,2 чакырымды түзөт.

Компаниялар 22-октябрга чейин тапшырык берип, ал эми иштер бир жылдын ичинде аякташы керек.

Буга чейин президент Садыр Жапаров аталган айылга барып, калктуу конушка бара турган жолдун курулушу башталарын айткан.

13:49, 08-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар