Мектеп окуучулары үчүн 50 автобус берилди (Видео)

“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берди. 

Бул Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүүнүн 100 жылдыгына карата республиканын алыскы аймактарындагы балдар үчүн.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, РФнын Мамдуманын депутаты, “Евразия” уюмунун төрайымы Алена Аршинова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Талантбек Иманов катышты.

Эскерте кетсек, 11-сентябрда 50 автобус берилген. Жалпы Кыргызстанга 100 автобус өткөрүлүп берилди. Сентябрдын башында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кызматташуу жана долбоорду өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшкан.

11:32, 01-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар