Жалпы наркы 320 миллион сомду түзгөн "Эдельвейс" балдар эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

Сокулук районундагы "Эдельвейс" балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төш-Булак айылындагы лагердин аянты 5,20 гектар, дагы 493,8 чарчы метр жерде ар кандай курулуштары бар.

"2004-жылы аталган лагерь менчиктештирилип, бир нече жолу кайра сатылган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында лагерь ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Балдар лагеринин жалпы наркы 320 миллион 651 миң сомду түзөрү кошумчаланды.

11:28, 26-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар