Кыргызстан менен Кытай жаңы “ Бедел” өткөрмө пунктун ачты
Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” өткөрүү пунктунун ачылуу аземи болуп өттү.
Ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз баштаган эки тараптын делегация мүчөлөрү катышты.