Өлкөнүн аймактарына балдар үчүн мектеп автобустары берилди.

Өлкөнүн аймактарына балдар үчүн мектеп автобустары берилди. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн алыскы аймактарындагы билим берүү мекемелерине 50 мектеп автобусун тапшыруу аземине катышты. 

 Автобустар Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана чыңдоо боюнча кызматташуу келишиминин алкагында эл аралык кызматташтыкты илгерилетүү үчүн «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан берилгенин министрлер кабинети билдирди.

09:39, 03-09-2024

Комментарийлер

Сыргабу Бейшеновна
Талас шаарына дагы болуп бергиле,биз аябай муктажбыз
Сыргабу
Жаны келген автобустар талас шаарындагы балдарды ташыганга абдан керек

Башка жаңылыктар