Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо жыйынтыктоочу баскычка келгенин айтты

 Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров администрациянын кызматкерлери менен өткөргөн 19-августтагы кеңешмеде кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине да кайрылды.

“Чек ара маселеси биздин жарандарды тынчсыздандырган көйгөйлөрдүн бири болчу. Баткен облусун бир эмес эки жолу калыбына келтирүүгө туура келди. Садыр Нургожоевичтин күчтүү эрки жана Камчыбек Кыдыршаевичтин командасынын ишинин жыйынтыгы менен кыргыз-өзбек чек арасы толук такталып бүттү. Азыр эми Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу баскычта турат”, – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстан менен чек араны тактоо боюнча соңку чечим качан кабыл алынарын анык айткан жок.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун соңку отуруму 11-августтан 17-августка чейин Баткен шаарында өттү. 1-6-июль күндөрү алар Тажикстандын Бустон шаарында кездешкен.

18:18, 19-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар