Спортчулардын машыктыруучуларына канча сый акы берилди? (тизме)

13-августта Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Париж Олимпиадасынын катышуучуларын, байге ээлерин жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү.

Төмөндө акчалай сыйлык тапшырылган машыктыруучулар жана дарыгерлердин тизмеси:

Машыктыруучулар:

·        Евгений Петрашов, сууда сүзүү боюнча башкы машыктыруучу (Денис Петрашов жана Елизавета Печерскихтин биринчи жана жеке машыктыруучусу) – 650 миң сом;

·        Андрей Полубапкин, жеңил атлетика боюча Сардана Трофимованын жеке машыктыруучусу – 125 миң сом;

·        Айып Исаков, жеңил атлетика боюча башкы машыктыруучу – 150 миң сом;

·        Улукбек Өмүрзаков, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Айбек Кубанычбековдун биринчи машыктыруучусу) – 50 миң сом;

·        Роман Кузьмин, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Эрлан Шеровдун биринчи машыктыруучусу) – 175 миң сом;

·        Сергей Кладнов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 250 миң сом;

·        Абдужалил Юнусов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 300 миң сом;

·        Исламбек Тазабеков, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун биринчи машыктыруучусу) – 100 миң сом;

·        Рустам Учаров, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун жеке машыктыруучусу) – 250 миң сом;

·        Сүймөнкул Табалды уулу , эркин күрөш боюча Кыргыстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 875 миң сом;

·        Руслан Мажинов, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 750 миң сом;

·        Биримкулов Чыңгыз, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун биринчи машыктыруучусу) – 100 миң сом;

·        Дастан Муктаров, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун жеке машыктыруучусу) – 250 миң сом;

·        Аязбек Жумашбаев, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун биринчи машыктыруучусу) – 700 миң сом;

·        Мамбектов Раатбек, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;

·        Хаким Махмудов, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Жоламан Шаршембековдун биринчи машыктыруучусу) – 2 млн 450 миң сом;

·        Мейрамбек Ахмедов, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;

·        Улукбек Карачолоков, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 5 млн 500 миң сом;

·        Эркинбаев Азат, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 6 млн 600 миң сом;

·        Түгөлбай Базакечов, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучусу) – 700 миң сом;

·        Нурсултан Аскарбеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;

·        Рахмадил Жуманазаров, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу) – 1 млн 100 миң сом;

·        Чынарбек Изабеков кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу) – 2 млн 500 миң сом;

·        Байгазы Кенжебаев, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 4 млн 500 миң сом;

·        Нурбек Изабеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 5 млн 650 миң сом;

·        Турдаалы Оморов, бокс боюнча машыктыруучу, (Мунарбек Сейитбек уулунун биринчи машыктыруучусу) – 1 млн сом;

·        Беганас Султанбаев, бокс боюнча машыктыруучу (Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу) – 2 млн 500 миң сом;

·        Улан Сагынбаев , бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 2 млн 500 миң сом;

·        Данияр, Төлөгөн уулу бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 3 млн сом.

Медицина кызматкерлери:

·        Улукбек Кыдыев , массажист – 1 млн 375 миң сом;

·        Константин Еремич , массажист – 1 млн 375 миң сом;

·        Иса Биченов, дарыгер – 1 млн 375 миң сом;

·        Бактыгүл Алишева , дарыгер – 1 млн 375 миң сом;

 

10:01, 14-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар