Баткен: базардан өрт чыгып,  өспүрүм каза болду (видео)

Бүгүн, 6-августта Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында жайгашкан Мадамин базарынан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, тилсиз жоону өчүрүүгө саат 11:24тө куткаруу бөлүмү тартылган. Өрт саат 11:55те чектөөгө алынган.

Анын кесепетинен жабыркаган 16 жаштагы бала ооруканада каза болгон.

Өрттүн аянты 42 чарчы метр түздү, учурда келип чыгуу себеби такталууда. 

16:36, 06-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар