Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулду
Ысык-Көл облусунда экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.
Маалыматка караганда, 1127 санаторий, пансионат, эс алуу жайы текшерилип, анын 754ү тазалоочу курулма салууга милдеттендирилди.
Ошондой эле Семеновка, Григорьевка, Жети-Өгүз, Түргөн капчыгайларында жайгашкан боз үйлөрдөн турган эс алуу жайларынын ажатканалары суу жээктеринен жылдырылып, калдыктарды иреттүү чогултуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган пансионаттардын тизмеси:
“Дальний кардон”, “Смена”, “Белек”, “Золотые пески” пансионаты, “Взморье Сити”, “Асыл-Таш”, “Ой-Керемет”, “Золотой Трэбас”, “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору, “Кооператор”, “Чолпон-Ата” эс алуу үйү, “Чалжанов” конок күйү.