Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү транспорт министринин милдетин аткаруучу болду
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президенттин башка жарлыгы менен КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Сыргабаев Абсаттар Токтогулович транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордун ээлеп келген Текебаев Тилек Кыдырмаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.