Өлкөнүн баардык аймактарында күн сууктап, жамгыр жаашы күтүлүүдө

Кыргызгидромет агенттиги бул жумада аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, борбор калаа Бишкекте 31-октябрда күндүз жана 1-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.
1-ноябрда күндүз жана 2-5-ноябрда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-октябрда күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.
 

Чүй жана Талас облустары

31-октябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Ошол бойдон аптанын соңуна чейин күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

31-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
1-ноябрда түнкүсүн жаан жаап, күндүзү басылат. Андан соң 5-ноябрга чейин асман ачык бойдон турат.

Ысык-Көл, Нарын облустары

31-октябрда жана 1-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Шаршембиде түнкүсүн айрым жерлерде катуу жаан жаашы ыктымал.
2-ноябрда күн ачылып, жуманын соңуна чейин аба ырайы өзгөрбөйт.
10:01, 30-10-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар