Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлүп, 10 адам куткарылды
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Тилсиз жоодон 10 адам куткарылып, 50 адам эвакуацияланды.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:04тө эки күжүрмөн эсеп, бир автошаты жана штаб тартылган, саат 14:05те өчүрүлгөн.