Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
Бишкек шаарынын Ленин районунда алдын ала маалымат боюнча, Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан өрт чыкты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:04тө эки күжүрмөн эсеп, бир автошаты жана штаб тартылган. Кошумча маалымат берилет.