Акжол Махмудов Польшадагы рейтингдик турниринде алтын медалга татыды

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Варшава шаарында (Польша) өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open 2024” аттуу эл аралык рейтингдик турниринин жеңүүчүсү аталды.

Спортчу 77 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде жалпы 4 кармаш өткөрдү. Анда украиналык, алжирдик жана колумбиялык балбандарды ири эсеп менен артта калтырды. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште польшалык Патрик Беднарц аттуу спортчуну 8:0 эсебинде жеңип алтын медалдын ээси болду.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын дагы бир мүчөсү Үзүр Жусупбеков Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан Poland Open” атуу рейтингдик турнирде коло байгеге ээ болду.

Спортчу 97 кг чейинки салмакта катышып, тилекке каршы биринчи кармашта украиналык балбанга жеңилип калган. Кийинки беттешинде алжирлик спортчуну артта калтырды. Ал эми коло медаль үчүн мелдешин польшалык Якуб Антожевски аттуу спортчу менен өткөрүп, 3-орунду багындыра алды.

10:07, 20-06-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар