Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча экинчи операция да ийгиликтүү болду

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев трансплантологдор тобу боорду алмаштыруу боюнча экинчи операцияны ийгиликтүү аякташканын билдирди.

Бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу. Операция 9 саатка созулуп, ага министр баштаган кыргыз-түрк адистери катышты.

Адистер ооруканада нөөмөттө туруп, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардамды камсыз кылышууда.

Кыргызстанда акысыз боор алмаштыруу операциялары 10-июнда жасала башталды.

Операцияларды жасоо үчүн Түркиядан Инөнү университетинин (Малатия) ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган университеттин клиникасынын трансплантологдор тобу келген.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул иш-чара өлкөнүн медицина тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин жана боор трансплантациясына муктаж бейтаптардын жашоо сапатын бир топ жакшыртаарын белгиледи. Операциялар президенттик фонддон каржыланып, бардык муктаж болгондор үчүн жеткиликтүү болот.

10:51, 12-06-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар