Ташиев Матраимов кланына байланышы бар адамдарды Жогорку Кеңештен “тазалоо” иштери аяктаганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов кланына байланышы бар адамдарды Жогорку Кеңештен “тазалоо” боюнча иштер аяктаганын билдирди. Бул тууралуу Ташиев 16-майда Кара-Суу шаарынын активи менен жолугушууда айткан.

Ташиевдин айтымында, тазалоо иштери Бажы кызматынында жана башка мамлекеттик органдарда  да жүргүзүлгөн.

"Райымбек Матраимовду биринчи жолу кармаганыбызда ал 2 млрд 200 млн сом төлөп берген. Ошондо мен жеке өзүм мындан ары кылмыштуу аракеттерди жасабай турган, мамлекетти талап-тоноодон алыс болуп, Мамлекеттик бажы кызматына бир кадам да жакындабай турган шарт койдум. Ал макул болуп кеткен. Биз аны жарым жыл, бир жыл байкап турдук. Бирок ал кайрадан мурдагы ишин баштады. Бажыдагы адамдары аркылуу мурдагыдан да көбүрөөк уурдай баштады. Ал кылмыш дүйнөсү менен, анын ичинде мыйзамдагы ууру Көлбаев менен достошуп, чогуу бардык ишкерлерди коркута башташты. Биз чара көрүүгө аргасыз болдук. Райымбек Матраимовго 200 миллион доллар төлөө милдеттендирилген. Бул 19-20 миллиард сомдун тегерегинде", - деди Ташиев чогулгандардын алдында сүйлөп жатып.

 

19:59, 17-05-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар