Май айында кыргызстандыктар канча күн эс алат?
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен майда кыргызстандыктар канча күн эс аларын эске салышты.
Белгилей кетсек, май айында үч майрам бар, 1-майда Эмгек күнү белгиленсе, 5-майда өлкөнүн Конституциясы кабыл алынган. Ал эми 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамдалат.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген.
2-майдын (бейшемби) ордуна 6-май иш күнү, 3-майдын ордуна (жума) 11-май иш күнү болот (ишемби). Ошондой эле, 9-май расмий жумуш эмес майрам күн болуп саналат.
Ал эми, алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алат.