Москвада терроризмге айыпталып кыргыз жараны кармалды

 Ал терроризмди ачык актаган деп шектелип жатканын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жалпыга маалымдоо каражаттары Крокустагы теракт тууралуу сүйлөшкөнү үчүн Кыргызстандын жараны кармалганы тууралуу маалымат таркатууда, деп кошумчалады министрлик. 

 Дипломаттар толук маалымат алуу үчүн Орусиянын тергөө органдарына суроо-талаптарды жөнөтүшкөн. Элчилик мекендешке консулдук жана юридикалык жардам көрсөтөт.

09:54, 03-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар