Орхан Инандынын иши: Чек арачыларга козголгон иш токтотулду
Орхан Инанды уурдалгандан кийин Аскер прокуратурасы тарабынан чек арачыларга козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасы билдирди.
Бул иш 2021-жылдын 31-майында козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Инанды Кыргызстандан Түркияга жеткирилип, ал жактан кармалганы белгилүү болгон.
Бул боюнча 2021-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан “Шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок иш "шектүүлөр аныкталбаганы үчүн" деген негизде токтотулган.