Раимбек Матраимов 1 айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду тергөө аяктаганча 26-апрелге чейин камакка алды.

Сот залынан чыгып баратып ал журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.

Райымбек Матраимов УКМК тарабынан Азербайжандан 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча шектелүүдө.

18:15, 27-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар