Экс-депутат эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайынан чыгарылды.

Мындай токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-мартта кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү сотко атайын кызматтын тергөөчүсү берген.

УКМК Жаныбек Бакчиевди 2023-жылы 25-октябрда кармаган. Атайын кызмат анын иши тууралуу деталдуу маалымат бере элек. Биринчи Май райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылып, былтыр ноябрда камакка алынган.

10:17, 15-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар