Шайлообек Атазовдун мандаты жокко чыгарылды

Бишкектин административдик соту 1-мартта 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат. Ага ылайык, Бишкектин административдик соту ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.

Мыйзам бузууларга байланыштуу Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко Абдурахманхажи Муртазалиев кайрылган. Муртазалиев 22-февралда ушундай эле арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, БШК арызды канааттандырган эмес. Ал бул чечимге каршы сотко арыз берген.

Шайлоодо баштапкы эсеп боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добуш алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, буга добуш сатып алуу фактысы негиз болгонун билдирген.

Андагы шайлоодо алдыда келген үч талапкер – Шайлообек Атазов, Абдурахманхажи Муртазалиев жана Аскар Алмаз уулу бири-бирин добуш сатып алууга айыптаган.

Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр Шайлообек Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыгарган. Райондук сот 21-декабрда эки кишини (К.А.О. жана М. У.А.) Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, экөөнө тең 100 миң сомдон айып пул салган.

06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар