Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кармалды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначаев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.
Коопсуздук комитетинин маалыматында, аталган министрликтин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды.
Улан Чаначаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.