Президенттик учак сатып алууга бөлүнгөн акчага Бишкекке автобус алынды

Бишкектеги транспорт көйгөйүн чечүү үчүн №1 бортту сатып алууга каралган каражатка миң автобус сатып алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында билдирди.

“Өкмөттүн учагы жок, ал эми быйыл Ту-154М учагынын пайдалануу мөөнөтү бүтүп жатат. Чет өлкөлөргө иш сапарларга чыгуу үчүн биз 100 млн доллар тапканбыз, бирок борбор калаадагы транспорт көйгөйүн чечели деп ал каражатка 1000 автобус алдык”, – деди ал.

Ошондой эле Жапаров бул маселеге мындан ары дагы өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

09:25, 19-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар